Жогорку Сот Сапар Исаковду камакта калтырды

Автор -

Бүгүн, 24-июлда Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

«Соттук отурум жабык эшик артында өттү. Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырылды»,-деп билдирди Токтакунов.

Эске салсак, 29-май күнү Исаковго «коррупция» беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү