Сирия-Ирак согуш зонасынан кайткан кыргызстандык кармалды

Автор -
264

Бүгүн, 24- июль күнү Сирия-Ирак согуш зонасынан кайтып, Кыргызстанда террордук акцияларды уюштурууну көздөгөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террордук уюмдун курамында болуп, Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы активдүү согуштук аракеттерге катышкан. Ал эми 2017-жылы Кыргызстанда “аскердик жихад” жүргүзүү үчүн кайтып келген.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.