Кыргызстанда эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды (Фото)

Автор -
312

Кыргызстанда эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июлда УКМКнын эл аралык террористтик уюмдардын иш-аракеттерине бөгөт коюу жана аныктоо боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Б.М. аттуу жаран кармалган. Колго түшкөн адам 2016-жылы Сириядагы куралдуу чыр-чатак орун алып жаткан аймакта согуштук иш-аракеттерге катышканы аныкталган.

«2017-жылы террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасына кирип келип, Сириядагы согушка катышандар арасынан террордук топ түзмөк. Андан соң ал колго жасалган жарылуучу түзүлүш жана ок атуучу курал аркылуу Кыргызстандын аймагында «куралдуу жихад» уюштурмак», — деп жазылат маалыматта.

Ага 226-беренесинин 4 бөлүгү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) жана 299-беренесинин 1 бөлүгү (Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү