Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Иликтөө журналистикасынын фондун түптөөгө алгачкы салым катары өз пенсиясынан 1 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.
“Иликтөө журналистикасынын мезгили келди. Коррупцияга каршы күрөшүүдө ал башкы мааниге ээ. Мына ушуга байланыштуу Иликтөө журналистикасынын фондун негиздөөнү сунуш кылам. Фонд ачык иштеп, көз каранды эмес, кадырлуу адамдардын, эксперттердин көзөмөлүндө болушу керек”,- деди Отунбаева журналист Уланбек Эгизбаевге арнап жазган блогунда.
Коррупциялык былыктардын жүзүн ачкан бир топ ири иликтөөлөрдүн автору, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада 28 жашында каза болду. Милиция ал сууга чөгүп кеткенин билдирүүдө.