Бишкекте Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата “Кийиз дүйнө” коомдук фонду тарабынан 100 элечекти 1 саатта оройбуз акциясы уюштурулууда.
Иш- чара, бүгүн 26-июль күнү саат 17:00дө Курманжан Датка эстелигинин алдында болуп өтөт. Ага элечек ороткусу келген баардык каалоочулар катыша алат.
«Элечек ороо калк ичинде 2013-жылдан тарта кайрадан жанданып, көп аялзаты кийип баштады. Элечектин көптөгөн түрлөрү салттуу билимди алып жүргөн энелердин жардамы менен оролуп, жалпы эл элечек тууралуу көп маалымат ала алат»,-деп айтылат маалыматта.
“Кийиз Дүйнө” коомдук фонду көчмөн жашоо маданиятын жандандыруу, өнүктүрүү, сактап калуу аркылуу, кыргыз элинин салттык билимдерин эл арасында жайылтуу үстүндѳ иш алып барат. Негизги басым кыргыз элинин салттык көчмөн кийимдерин калыбына келтирүүгө багытталган.