Бишкекте «Той үчүн насыя алба!» деген акция өттү

Автор -

Бишкек шаарында 11-февралга караган түнү активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүштү. Анда шаардын ар кайсы жерине, өзгөчө банктардын кире беришине «Тойго насыя алба!» деп жазып кетишти.

«Биз банктардын ишмердүүлүгүнө каршы эмеспиз. Банкка келгендер биздин билдирүүнү көрсүн деген максатта жасадык. Азыр адамдар ишкерлик үчүн эмес, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө насыя алып жатканы бизди тынчсыздандырат. Анан карызга батып, насыяны төлөш үчүн чет өлкөдө иштеп жүрүшөт», — деп жазышты уюштуруучулар.

Активисттер алардын үлпөт тойго, өлүм-житимге насыя алган ага-эжелери беш жылдан ашуун убактан бери карызын төлөй албай жатканын билдиришкен.

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны бир жылда жүз миңге көбөйгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 874 адам насыя алса, 2018-жылдын жарымында алардын саны 220 481 адамга жеткен.

Буга чейин Улуттук статистика комитети кыргызстандыктар той-аш өткөрүш үчүн жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча жумшай турганын билдирген.