Бишкекте 60 студенттен 174 миң доллар алган ректор кармалды

Автор -

Бишкекте 60 студенттен 174 миң доллар алган Илим жана бизнес эл аралык университетинин ректору Нургалы Асаналиев кармалды. Бул тууралуу SAAT.KG маалымат агенттигине Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нургалы Асаналиев казак-кыргыз чек арасында колго түшүп, учурда Октябрь райондук милиция бөлүмүндө көрсөтмө берип жатат.

Белгилей кетсек буга чейин айрым Индиядан келген студенттер ректоруна арызданып маалымат жыйын өткөрүшкөн. Алар университеттин башчысы 60 студенттен 2900 доллардан контракттын акчасын алып, төлөм кабыл алган чекти кийин берем деп алдап кеткенин айтышкан.

 

Бөлүшүү