Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 27-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин кызматташуусун мындан ары тереңдетүү маселелери каралат. Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорт тармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы темалары талкууланат.
Белгилей кетсек, жыйынга Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары катышат.