Ош шаарында 30-июль — Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу turmush.kg агенттиги жазып чыкты.
Мелдешке Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери жана шаар тургундары катыша алат.
Мелдеш мырзалар жана аялдар арасында жаш курагына жараша төмөнкү 3 тайпага бөлүнүп өткөрүлөт:
1-тайпа — 25 жашка чейин;
2-тайпа — 35 жашка чейин;
3-тайпа — 40 жашка чейин;
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор берилет.