Ош шаарынын мэри Синзян-уйгур автономиялык аймагынан келген делегацияны кабыл алды

Автор -
283

Бүгүн, 26-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл Республикасынын Синзян-уйгур автономиялык аймагынан  Гао Хе мырза баштаган делегация менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматынан билдирди.

Т.Сарыбашов эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле жылдан жылга чыналып, кызматташууну үзбөй келе жаткандыгын айтып өттү.

 “Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуу такай жүрүп келет. Соода-саттык, экономикалык жактан мамиле эки өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошууда. Анын ичинде Ош шаары Кытай Эл Республикасынын көпчүлүк провинциялары менен инвестиция алакасында тыгыз кызматташабыз. Ага мисал катары Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна курулган 150 орундуу заманбап оорукананын курулушун айтсак болот. Мындан ары да биз сиздер менен көптөгөн долбоорлорду ишке ашырабыз деген максат бар”, -деди Т.Сарыбашов.

Өз кезегинде “Синзян Эл аралык экономикалык кызматташуу” ЖЧКсынын башкы директору Гао Хе мырза Таалайбек Сарыбашовду шаардын жетекчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, Ош шаары менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.