Бишкектеги эл ташыган айрым троллейбустардын багыты  өзгөрөт

Автор -

«Эртеӊден тарта Бишкектеги эл ташыган айрым троллейбустардын багыты өзгөрүп, кээ бирлери ишин убактылуу токтотот»,-деп билдирди мэриядан.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү ишемби, 27-июлдан, таңкы саат 6.00дөн тарта  30-июлга, таңкы саат 5.00гө чейин жабылат.

Буга байланыштуу №8 жана №10 каттамдагы троллейбустар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жүрбөйт. Ал эми №4 троллейбус Киев көчөсү менен каттайт.

Борбор калаанын мэриясы түзүлгөн кырдаалга жарандарды түшүнүү менен мамиле жасоону суранат.