КР Эл артисти Күлбүбү Мадемилова 89 жашында дүйнө салды

Автор -
361

Кыргыз опера жана балет театрынын балеринасы, КР Эл артисти Мадемилова Күлбүбү Чотоновна 89 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, балеринаны акыркы сапарга узатуу каадасы 29-июлда А.Малдыбаев атындгагы Кыргыз опера жана балет театрында саат 10:00дө болот.

«Эл артисти Мадемилова Күлбүбү Чотоновнанын сөөгү  «Ала-Арча» шаардык көрүстөнүнө коюлмакчы»,-деп айтылат маалыматта.