Өзүн СССР президентимин деген дарыгер экстремизмге айыпталууда

Автор -

Орусия Федералдык коопсуздук комитети 26-июлда Зеленоград шаарында өзүн “СССРдин президентимин” деп жарыялаган 56 жаштагы Сергей Тараскиндин үйүндө тинтүү жүргүздү. Тараскиндин 52 жаштагы шериги Александр Соловьевдун батири да тинтилди.

Алардан “СССР” уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу аудио жана видеоматериалдар, уставдык документтер, мөөр менен типографиялык өнүмдөр алынды. “Экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тинтүүдөн соң Тараскин менен Соловьев Тергөө комитетине жеткирилип, күбө катары суракка алынышты.

“СССР” кыймылы тууралуу 2010-жылы белгилүү болгон. «Медиазона» басылмасынын маалыматы боюнча тиш дарыгери Сергей Тараскин эки жыл мурун Зеленоградда жеке клиникасын ачкан, бирок каржы маселесинен улам ал жабылып калган. Ишкер шаар бийлиги менен соттошуп, отурумдардын биринде өзүн “СССР президентинин милдетин убактылуу аткаруучу” деп жарыялаган. Мындан тышкары ал Советтер Союзунун алгачкы жана акыркы президенти Горбачевду «дезертир» деп атаган.

Мындан кийин Тараскин өз уюмун түзүп, “СССР өкмөтү уюштурган” акылуу семинарларда тарапташтары менен жолугушуп турган.