Баткен облусунда 20дан ашуун авиабомба табылды (Фото)

Автор -
228

«Кыргызстанда жай айынын башталышынан бери 1950-жылдары өткөн авиациялык окуулардан кийин калган 20дан ашуун авиабомба табылды»,- билдирди Генералдык штаб.

Маалыматка ылайык, снаряддардын баары Баткен облусунан табылган.

«Иликтөө иштери Ак-Турпак айыл аймагында (Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жаш-Тилек айылдары) жүрдү. Эки айдын ичинде саперлор 40 миң чарчы метрди текшерип чыгышкан. Натыйжада 20дан ашуун ФАБ-100 түрүндөгү авиабомба табылды»,-деп айтылат маалыматта.

Генералдык штаб бомбаларды издөө жана зыянсыздандыруу катуу ысыкта жүрүп жатканын белгиледи. Иштерди октябрдын соңу менен жыйынтыктоо пландалууда.

Кыргызстанда жай башталгандан бери 1950-жылдары өткөн авиациялык окуулардан кийин калган 20дан ашуун авиабомба табылганын Генералдык штаб билдирдиЭки айдын ичинде саперлор 40 миң чарчы метрди текшерип чыгышкан. Натыйжада 20дан ашуун ФАБ-100 түрүндөгү авиабомба табылган.

Бөлүшүү