ӨКМ: Талас облусунун Алмалуу тоосундагы өрттү өчүрүү иштери улантылууда

Автор -

Бүгүн, 31-июлда саат 07:00дө Талас облусунун Манас районундагы Алмалуу тоосунун аймагындагы өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Манас райондук №100 Өрт –куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу жана токой чарбасынан 12 кызматкер, саат 10:30да Жайылган айылынан кошумча 15 адам тартылды.

Эскерте кетсек, Талас облусунун Манас районунда 2018-жылдын 28-июлунан тартып Алмалуу тоосундагы (Казакстан Республикасы менен чектешкен аймак) куураган чөптөн өрт чыгып, бүгүнкү күнгө чейин бирде толук өчүп, бирде кайрадан жанданып турууда.  Өрт  29-июлда 19:30 толук өчүрүлүп,  30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500га куураган чөп күйгөн.

Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 100га куураган чөп күйгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү