Скрябин мөңгүсүндө каза болгон жарандын сөөгү жана жабыркагандар «Манас» аэропортуна жеткирилди

Автор -

Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүнө чыгып баратып таш кулап каза болгон жарандын денеси жана жабыркаган 6 турист «Манас» аэропортуна жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылгандарды куткаруу үчүн Казакстандын тик учагы саат 10:00 чамасында туристтер турган жерге барып конгон..

Кырсык кечээ, 30-июлда болгон. Анда Скрябин мөңгүсүнө чыгып бара жаткан 7 туристке таш кулап кеткендиги маалымдалган. Кырсыктан 1 казакстандык турист көз жумган.  

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү