Өзгөн районунда 4 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу «SAAT.KG» агенттигине ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июль күнү саат 21:47 чамасында Көлдүк айылынын Абдырайым-Бий көчөсүндөгү каналга 2014-жылы туулган Т. Т. аттуу бала чөгүп кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун сөөгү саат 22:50дө табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.