Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология бөлүмүнө жаткырылды

Автор -
276

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология бөлүмүндө медициналык кароодон өтүп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экс-депутат №47-түзөтүү абагынын дарыгерлеринин көрсөтмөсү менен Улуттук кардиология борборуна жөнөтүлгөн. Текебаев медициналык кароого кечээ чыгарылган.

Эске салсак, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан.