Москвада мушташтан каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү

Автор -
508

Орусиянын Люберцы шаарында кыргыз-өзбек жарандары ортосунда чыккан жаңжал учурунда каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү мекенине кечээ, 31-июл күнү жөнөтүлгөн. Уруксат кагаздары, каражат жагынан Орусиядагы кыргыз жарандары, өкүлчүлүк көмөк көрсөтүшкөн.

Буга чейин Кыргыз-Өзбек жарандарынын ортосунда чыккан жаңжал учурунда бир кыргыз жараны каза болгон. Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын өлүмүнө мушташ учурунда бийиктиктен кулап кеткендиги себеп болгондугу жазылган.

Буга байланыштуу Кузьминск райондук тергөө бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуяга тиешеси бар делип Кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны жана Өзбекстандын 10 жараны кармалып, сурак берүүдө. Мушташ 28-июлда болгон.

Бөлүшүү