Бишкектеги Чыӊгыз Айтматов көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Автор -

Оңдоо иштерине байланыштуу Айтматов проспектисинин дагы бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кыймылы Жаманбаевден Сухомлинов көчөсүнө чейин жабык болот. Учурда бул аймакта магистралдык жана ички жылуулук куурлары алмаштырылууда. Чектөө 7-августта алынат.

Айдоочулар батыш тараптан Бакаев (Чапаев), Жунусалиев (Орджоникидзе), чыгыш тараптан Токтоналиев жана Табалдиев көчөлөрү менен жүрө алышат. Айни менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши автотранспорттордун кыймылы үчүн ачык болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү