«Билим берүү жɵнүндɵ» мыйзамга ɵзгɵртүүлөр киргизилди

Автор -
831

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Билим берүү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 21-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоону жүргүзүүнү жакшыртуу жана билим берүү мекемелеринин академиялык эркиндигин өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Билим берүү жɵнүндɵ» Мыйзамынын 38-беренесинин 4-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин» деген сөздөр унификациялоо максатында «Ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын» деген сөздөргө алмаштырылган.

Кабыл алынган Мыйзамдын 38-беренесинин 7-бөлүгү жаӊы редакцияда баяндалган, ага ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоого катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын зарыл санын албаган учурда, кайра добуш берүү өткөрүлөт, ага добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер катышат. Кайра добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Шайланган талапкерди шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна бекитет. «Улуттук» деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү