Орусиянын Зеленоград шаарында Кыргызстандын 43 жаштагы жараны каза болду (фото)

Автор -
341

Орусиянын Зеленоград шаарында Кыргызстандын 43 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымына ылайык, 26-июль күнү Зеленоград шаарында 1975-жылы туулган А.Ө. менен бирге эс алып жаткан адамдар аны ур-токмокко алып, таштап кетип калышкан. Жолдо өтүп бара жаткандар тез жардам чакырып, ал шаардагы ооруканага жеткирилген. Бирок жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жаткан жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Учурда бул факты боюнча Зеленоград шаарындагы тергөө комитети кылмыш иш козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.

«Тилекке каршы сабаган балдар кармала элек. Уруксат кагаздары чогултулуп, 2-августта маркумдун сөөгү Москва—Бишкек багытындагы каттам менен жөнөтүлдү. 3-августта таңга маал маркумдун сөөгүн Бишкектен жакындары тосуп алып, туулуп өскөн жерине — Токтогул шаарында жерге берүүгө алып кетишти. Маркумдун сөөгүн жөнөтүүгө каражат топтоп, жакындан жардам берген бир туугандарга ыраазыбыз»,-деп билдирет Кошматов.

Бөлүшүү