“Ош Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине жеңилдетилген ипотекага батир берилет

Автор -
562

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кечээ, 2-август “Ош Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жолугуп, акыркы алты айда аткарылган алгылыктуу иштердин жыйынтыгын укту.

Мэр жаңы көп кабаттуу үйлөр курулганда көчө шыпырган жөнөкөй кызматкерлерге жеңилдетилген шартта ипотекага батир берүүнү пландап жаткандыгын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Ош Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров акыркы алты айдагы аткарылган жумуштарга токтолду.

Жарым жыл аралыгында 222 948 м3 таштанды шаардан алынып чыгарылган, өкөн жылга салыштырмалуу 1130 м3 таштандыга көп.

Таштанды үчүн шаардыктардан алты айдын ичинде 53 085 217 сом чогултулуп, 2017-жылга салыштырмалуу 2 623 537 сомго көп жыйналган.

Ошондой эле, жыл башынан бери 40 даана эски таштанды салуучу кузов-контейнерлер жаңыланган.