2018-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык мектептери Интернетке кошулат

Автор -

2018-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык мектептери Интернетке кошулат. Бул тууралуу 3-августта өткөн өкмөт жыйынында белгилүү болду.

Мектептерди дүйнөлүк түйүнгө кошуу милдеттенмесин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети моюнуна алды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы окуу жылдын башына чейин өлкөнүн ичиндеги мектептердин 80 пайызына Интернет желеси тартылсын, ал эми 31-декабрга чейин 100 пайыз мектептерде Интернет пайда болсун деп тийиштүү органдарга тапшырма берди.

«Биз инновациялык мектеп, жаңы технологияларды, билим берүүнүн жаңы ыкмаларын жеткиребиз десек ар бир мектепте Интернет болуш керек да. Ошондуктан биз биринчи интернетти жеткирип коюп андан кийин жаңы ыкмалар, жаңы технологиялар киргизилет деп айтышыбыз керек. Мектепке Интернет барды деген бул ар бир айылга интернет кирди деген сөз»,-деп айтылат маалыматта.

3-августта өкмөттө жыйын болуп, анда окуу жайлардын жаңы окуу жылына даярдыгы жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү тууралуу маселелер каралды.

Бөлүшүү