«Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 40 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 41 бөлүм жөнөтүлдү»,— деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Иригатор көчөсүндөгү №91 үйдүн 8 чарчы метр ашкана бөлмөсү жана үй буюмдары күйүп кетти. Адамдар жабыркаган эмес. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.