Ош облусунда унаа оодарылып кетип, 2 адам каза болду (сүрөт)

Автор -
518

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы жол кырсыгынан 50 жаштагы айдоочу менен 20 жаштагы жүргүнчү каза болду. Окуя 3-августта саат 11:30да болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, аталган райондун 1967-жылы туулган тургуну С.Т. «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү унааны башкара албай, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 20 жаштагы М. уулу Н. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу алган жаракаттын кесепетинен ооруканада көз жумду.

Жол кырсык фактысы боюна Кара-Кулжа РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.