Айнур Абдылдаева Юстиция министри кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Маалыматка ылайык, ал башка кызматка которулгандыгына байланыштуу учурдагы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.
Белгилей кетсек, Айнур Абдылдаева үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Юстиция министри болуп дайындалган. Ага чейин аталган министрликтин статс-катчысы болуп иштеген.
Айнур Абдылдаева өкмөттүн аппаратында 2001-жылдан бери иштейт. Мындан тышкары, президенттин аппаратында да эмгектенген. 2017-жылдын 13-июнунан тарта Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалаган.