Кыргызстанда 7 ай ичинде 43,5 млрд сом салык жыйналды.

Автор -

Кыргызстанда 7 айда 43,5 млрд сом салык жыйналды.  Бул тууралуу Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 43 млрд 502,6 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Коюлган план 100,6 %га аткарылып, 258,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд 145,2 млн сомго же 10,5 %га жогорулаган.