Париж келишими ратификацияланса, 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт

Автор -

Жогорку Кеӊеште «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, бул келишимдин алкагында акчалай жана техникалык жардам берилет. Келишим алкагында 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнгөн, анын ичинде, 8 млн доллар Баткен жана Нарын облустарын сугат суу жана алтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылуу багытында жумшалат. Ал эми калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу салып алынмакчы.

Бөлүшүү