Текебаевдин саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер койгон диагнозу маалым болду

Автор -
252

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер койгон диагнозу маалым болду. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-августта медициналык борбордо анын баш мээси, бел омурткасы текшерилди.

Ө.Текебевге коюлган диагноз:

— Аортанын жана жүрөк кан тамырлардын атеросклерозу (атеросклероз — кан тамырлардын кандайдыр бир бөлүгүн холестерин жана май басып, кандын жүрүүсүнө тоскоол болот);

— карынчанын экстрасистолдук аритмиясы (аритмия — жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу);

— 2-даражадагы жогорку кан басым;

— калкан безинин зобу, эутиреоз (эутиреоз — бездин көлөмүнүн чоңоюшу).

Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган. 

Эске салсак, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан.