Бишкекте активисттер мэриянын алдына митингге чыгышты

Автор -

Бишкек мэриясынын алдына жарандык активисттер мэриянын алдына чогулуп, шаардык кеңештин таркашын жана мэрди эл шайлоосу керектигин талап кылып жатышат.

Активисттер колдоруна «Шаардык кеңеш таркасын» деген жазууларды кармап алышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Ага талапкер катары Азиз Суракматов гана көрсөтүлгөн. Анда шаардык кеңештин депутаттарынын добушу менен мэр шайланат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү