Чүй районунда куткаруучулар сууга чөгүп бара жаткан адамды сактап калышты (сүрөт)

Автор -
210

Чүй районундагы «Золотая осень» дачасында 53 жаштагы Токболотов Калыбек каналдан өтөм деп,  сууга түшүп кеткен. Аны ӨКМнын куткаруучулары суудан алып чыгып, өмүрүн сактап калышты.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин  Токмок шаары боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө саат 22:21 чамасында Мээнеткеч айылынан өткөн каналда адам сууга агып бараткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

КР ӨКМнин Токмок шаары боюнча өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн 3-кароолунун кароол башчысы капитан Жолдошбек уулу Б. жетектеген куткаруучулар тобу саат 22:35те  кырсык болгон жерге жетип барышып, каналды жээктеп издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада бир чакырым алыстыктан таап, Жолдошбек уулу Б. жана өрт өчүрүүчү –суучул улук сержант Кылычев Р. суудан алып чыгышкан. Суудан алып чыккандан кийин денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына тапшырып беришкен.

Учурда ал Чүй райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Абалы туруктуу.