Бишкек шаарындагы  ун чыгаруучу заводдон өрт чыкты (фото)

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 9-август күнү саат 04:53 тө Бишкек шаарынын Ленин районунун, Москва жана Ю. Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ун чыгаруучу заводдон өрт чыккан.

«Болжолдуу түрдө 1000 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү