Медведев: АКШнын жаңы санкциялары — бул «экономикалык согуш жарыялоо»

Автор -

АКШнын Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү ниетин экономикалык согуш жарыялоо катары баалоого болот. Бул тууралуу Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдирди.

«Эгер банктардын ишмердүүлүгүнө же болбосо тигил же бул валютаны колдонууга тыюу салуу өңдүү чектөөлөр болсо, анда аны ачык эле экономикалык согуш жарыялоо деп айтууга болот. Ал санкцияларга реакция кылып, экономикалык, саясий, зарыл болсо башка жолдор менен да жооп берүүгө туура келет», — деди Медведев. Ал буга чейин киргизилген чектөө чаралары өлкө экономикасына таасир этип жатканын моюнуна алды. Медведевдин айтымында, санкциялар «Орусияны эл аралык аренадагы күчтүү атаандаштардын катарынан чыгаруу үчүн» киргизилүүдө.

АКШнын Орусияга каршы жаңы санкциялары 22-августта күчүнө кирет. Алар Улуу Британияда мурдагы орусиялык чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу. Вашингтон Орусия Улуу Британияда нервди шал кылуучу затты колдонуу менен эл аралык укукту бузганын белгиледи. Жаңы санкциялар Орусияга авиацияда пайдаланыла турган электрондук жабдууларды эскпорттоого жана «Аэрофлот» авиакомпаниясынын АКШга учуусуна тыюу салат. Вашингтон санкциялар тууралуу жарыялагандан кийин Орусияда рублдин куну кескин төмөндөп кетти.

Мындан тышкары америкалык сенаторлордун тобу Конгресске Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу мыйзам долбоорун алып чыкты. Алар орусиялык баалуу кагаздардын операцияларына чектөө киргизүүнү, орус банктарынын доллар менен эсептешүүсүнө бөгөт коюуну жана Москваны «терроризмге демөөрчүлүк кылган өлкө » катары таанууну сунуштап жатышат.

 

Бөлүшүү