Бүгүн Сокулук айылынын айрым көчөлөрүндө жаратылыш газын берүү токтотулат

Автор -

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 14 августта саат 12:00-17:00 чейин Сокулук айылынын айрым көчөлөрүндө  жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы боюнча газ колдонуучуларды маалымдайт.

Газ өчүрүлүүчү көчөлөр:

-Батаев көчөсү;

-Свердлов көчөсү;

-Ленин көчөсү;

«Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү