Кыймылсыз мүлк салыгын төлөбөгөндөргө рейд жүргүзүлөт

Автор -

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жарандарды унаа, турак-жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (короо-жай, короо-жай алдындагы бак-чарба жер участогу) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин төлөөгө чакырат.

Белгилей кетсек, унаа салыгын ушул жылдын 1-сентябрына чейин, турак-жай, батир жана жер салыктарын – 2-сентябрына чейин төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, туум эсептелет.

Салыктарды бардык банк мекемелеринен, почта түйүндөрүнөн, ошондой эле, төлөм терминалдары жана Интернет жана мобилдик банкингдерден төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg. сайты аркылуу алууга болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү