Бишкектин вице-мэри кызматтан кетти

Автор -

Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков кызматтан кетүү боюнча арыз жазды.Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын «Диссернет» коомчулугу Исаковду илимий иш жасоодо плагиаттык кылганы үчүн айыптап, коомчулукта талкууга алынган. Көп өтпөй ал илимий иши үчүн берилген стипендиядан баш тарткан.