Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго күбөлүк берүү чечими чыкты

Автор -

Кечээ, 13-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү Азиз Суракматовду Бишкек шаарынын мэри кызматына бекитишти.

БШК Бишкек мэрин шайлоодогу добуш берүү жыйынтыгын расмий түрдө тааныды. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясына мэрдин күбөлүгүн тапшыруу милдети жүктөлдү.

8-августта Бишкекте мэрди шайлоо болгон. Жалгыз талапкер Азиз Суракматов үчүн Бишкек шаардык кеңешинин 43 депутаты “макул”, бирөө “каршы” добуш берген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү