Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сибирь жарасына шектелип 12 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын маалыматына караганда, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына 12 адам жаткырылган. Алардын аталган илдетке кабылгандыгы тууралуу азырынча лаборатория тастыктай элек.
“Анализдердин жыйынтыгы бир нече күндөн кийин даяр болот. Ооруканага жаткырылгандар профилактикалык жактан дарыланып жатышат”, — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ооруканадагылардын баары ооруган уйду союуга катышып, анын этин бөлүп алышкан.