Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык мигранттын камактагы мөөнөтү узартылды

Автор -
431

Москванын Тверь шаардык соту Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбектин камактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазвп чыгышты.

«Сот тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып Анарбектин камактагы мөөнөтүн 2 айга – 16-октябрга чейин узарткан”, — деп билдирген соттун басма сөз катчысы Анастасия Дзюрко.

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши жабыркаган.

Кийинчерээк айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экени белгилүү болгон. Суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирген болчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү