Астанада жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы көчө ачылды

Автор -
400

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн салтанаттуу ачылышы болду.

Ачылыш аземге Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев жана эки өлкөнүн министрликтеринин башчылары катышты.

Айтматов атындагы көчө жалпы маанидеги магистралдык жол болуп эсептелип, 8 кыймыл тилкеси бар.

2019-жылы дагы 3 чакырымдык жол курулуп, аны бүтүрүү 2020-жылга пландалууда. Ал бүткөндөн кийин узундугу 7,2 чакырымды түзмөкчү.

Чыңгыз Айтматов көчөсү шаардын тарыхый бөлүгүн жаңы курулуштар жүрүп жаткан райондор менен байланыштырат. Анда ири административдик, турак имараттар жана объектилер жайгашат.

Бөлүшүү