Бүгүн, 2018-жылдын 16-август күнү саат 09:20да Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Эске сала кетсек, 14-август күнү саат 22:13 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 1980-жылы туулган Ю.А. (эркек киши) аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.