Орусия Кыргызстанга азык-түлүктөрдү кайра кайтарууда

Автор -

Орусия жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарды. Буга чейин Казакстан да 47 жолу азык-түлүктү Бишкекке кайра жөнөткөн.

Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербегени себеп болгон. Тийиштүү органдар Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптары тууралуу ишкерлер эскертилип жатканын билдиришүүдө.

Соңку эки күн ичинде эле Орусияга дагы 43 тонна жашылча жана жемиш (жүзүм, кулпунай, жаңгак ж.б.) киргизилген жок.

Ошентип жыл башынан бери Орусиядан кайра кайтарылган азык-түлүктүн эсеби 294 тоннага жетти. Ачыкка чыкпаган маалыматтарды кошкондо көрсөткүч мындан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Канткен күндө да бул товарлардын кайтарылышына фитосанитардык сертификаттардын жараксыз жана талапка жооп бербегени негиз болгон.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департаменттин жетекчисинин орун басары Болот Жуманалиев буга ишкерлер өздөрү күнөөлүү деп эсептейт.

Расмий эсепке караганда, быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБден кирген импорту көбөйүп, экспорту азайып кетти. Өлкөнүн уюмдагы башкы соода өнөктөшү — мурдагыдай эле Орусия. Быйыл төрт айда Орусияга 102 миллион долларга товар экспорттолсо, 351 миллион долларлык товар импорттолгон. Көрүнүп тургандай, импорт экспорттон үч эсе көптүк кылат.

Бөлүшүү