Папан суу сактагычына чөгүп кеткен 38 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Автор -

Бүгүн, 2018-жылдын 16-август күнү  саат 09:20да Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына  чөгүп кеткен сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, 14-август күнү саат 22:13 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 1980-жылы туулган Ю.А. (эркек киши) аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү