Аламүдүн районда дайынсыз жоголгон 2 эки өспүрүм кыз изделүүдө (фото)

Автор -

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан үйүнөн чыгып кетип кайтып келбеген эки өспүрүм кыз изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

15 жаштагы Бегимай Ахматалиева жана 13 жаштагы Аземгүл Койлубаевалар Ак-Тилек конушунда жайгашкан үйлөрүнөн 4-август күнү чыгып, азыркы күнгө чейин кайтып келишкен эмес.

Өзгөчө белгилери:

Бегимай Ахматалиеванын бою 160-165 сантиметр, чачы узун. Ак футболка, кара түстөгү жынсы шым жана кара түстөгү кеда кийген.

13 жаштагы Аземгүл Койлубаеванын бою 160-165 сантиметр, чачы далысына чейинки узундукта, жүзүнүн сол тарабында меңи бар. Күлгүн түстөгү футболка, кара түстөгү жынсы шым, кара бут кийим кийип жүргөн.

Өспүрүм кыздарды көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 36-35-27, 0 (550) 51-09-05, 0 (700) 20-96-66 же 102 номерине чалсаңыздар болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү