Бүгүн Бишкекте «Ачык асман алдындагы музыкалык кече» өткөрүлөт

Автор -

17-августта «Ачык асман алдындагы музыкалык кече» өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, концерттик кече саат 19:00дөн 21:00гө чейин Ю. Фучик атындагы сейил бакта болуп өтөт.

Концерттик программа эстрада ырчыларынын жана “Доор” фольклордук ансамблинин коштоосунда өтүп, эл артисттери Каныкей Раймалиева, Фарида Омурзакова, Жылдыз Тутуева, Кымбат Самудинова, Аксай Мукамбет уулу жана башка аткаруучулар шаар тургундарына жана меймандарына жагымдуу маанай туртуулашат. Ошондой эле мэриянын оркестри дирижер, КРдин эл артисти Элис Шаршенбаевдин жетектөөсү менен коноктордун алдына чыгат.

Баса, кирүү акысыз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү