Путин Австрия тышкы иштер министринин үйлөнүү үлпөтүнө катышат

Автор -

Орусия президенти Владимир Путин Австрия тышкы иштер министринин үйлөнүү үлпөтүнө катышат. Бул тууралуу австриялык ММКлар жазышып, маалыматты кийинчерээк Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктады.

Анын айтымында, Путин Берлинге баратып, үйлөнүү тойго кире кетет. Германияда орус лидери канцлер Ангела Меркель менен жолугушат.

Австрия ТИМ башчысы Карин Кнайсль финансист жана ишкер Вольфганг Майлингерге турмушка чыгат. Кнайсль оңчул популист Эркиндик партиясынан министр болгон. Бул партия орусиячыл позициясын жашырган эмес, атүгүл кызматташуу боюнча “Бириктүү Орусия” менен келишимге кол койгон.

2018-жылы Карин Кнайсль австриялык Kurier гезитине маек берип, Крымдын аннексиясы жана Украина чыгышындагы жаңжалдан улам Орусияга киргизилген санкциялар эффективдүү болбогонун айткан.

Владимир Путиндин сапарына байланыштуу үйлөнүү үлпөттө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Атайын кызматтар көзгө атарларды дагы тартууга ниеттенүүдө. Той ишемби күнү Штириядагы шарап чарбасында өтөт.

Акыркы жолу Путин Австрияга быйыл июнь айында барган. Бул жаңы президенттик мөөнөттөгү алгачкы чет өлкөлүк сапар болгон.

Бөлүшүү