Ош шаарында “Эссе Квинтет” чыгармачылык тобу концертин берди. Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-август күнү Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук дарма театрнда Эл аралык конкурстардын лауреаты, Орусиянын белгилүү ансаблдарынын бири “Эссе-Квитет” жандуу концертин тартуулады. Бул маданий иш- чара достук келишими бар Ош жана Санкт-Петербург шаарларынын ортосундагы маданий жана ишмердүүлүк миссиясын жыйынтыктады.
Концертке Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, Санкт-Петербур шаарынан билим берүү комитетинин жетекчисинин орун басары Андрей Борщевский баштаган делегация өкүлдөрү, шаардыктар катышты.
“Эссе-Квитет” чыгармачылык тобу орустардын улуттук инсурментинде түрдүү жанрларды ойноп, шаардыктарга жандуу концерт тартуулашты.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 15-17-август күндөрү Санкт-Петербург шаарынын маданий жана ишмердүүлүк миссиясынын алкагында делегация келип, тийиштүү адистер ооруканадагы дарыгерлер менен, мугалимдер менен жолугуп тажырыйа алмашып, жеке ишкерлер менен соода-саттык иштерин жүргүзүү максатында чоң жыйындар уюштуруп, концерт менен жыйынтыкталды.