Президент мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстанга барат

Автор -

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу  президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик визит Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен болууда. Сооронбай Жээнбеков эртең, 23-августта учуп кетет.

“Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жолугушуусунда эң маанилүү документ катары Башкы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация кабыл алынат. Ошондой эле өкмөттөр аралык бир нече макулдашуулар жүрөт. Сапардын жүрүшүндө президент Арал сактоо эл аралык уюмунун саммитине ардактуу конок катары катышат», — деп билдирди Сыдыков.

Андан тышкары бир катар документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө.