Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтү октябрдын аягына чейин узартылды. Мындай чечимди бүгүн, 27-августта Биринчи май райондук сотунда кабыл алышты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча чотко өтүнүч жиберген. Борбор калаанын мурдагы мэри УКМКнын СИЗОсунда 28-октябрга чейин болот.